Салянова: жеке булактын айтымында, Текебаев эки айга камакта калтырылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев 26-февралда Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аба бекетинен кармалып, 48 саатка камакка алынган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова митингчилерди Өмүрбек Текебаевди таңкы саат төрткө чейин күтүүгө чакырды. 

Анын айтымында, депутаттын 48 сааттык мөөнөтү эртең таңкы саат төрттө аяктайт.

"Ишенимдүү булактардын айтымында, соттун көчмө жыйыны өтүп Текебаевди эки айга камакта калтыруу чечими чыгарылыптыр. Бирок биз ачууга алдырбай таңкы саат төрткө чейин күтөлү. Эгер ал чыкпай калса демек камакта чын эле калтырылган болот", — деди Салянова. 

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды
УКМКнын маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. 

Белгилей кетсек, депутат 26-февралда Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Эл өкүлү 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.

Текебаев кармалгандан бери анын жактоочулары нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө. Анын Базар-Коргондогу тарапташтары да митингге чыгып, жол жабууга аракет кылышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0