Путин: Назарбаевдин арты менен Сириядагы согушту токтотуу механизми түзүлдү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Сириядагы абалды талкуулоодогу жетишкендиктерге Нурсултан Назарбаевдин салымы мурда болуп көрбөгөндөй чоң экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Астанада өткөн Сирия боюнча талкууну уюштурууга чоң салым кошкондугу үчүн Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Путин Борбор Азия мамлекеттери — Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга иш сапары менен келери айтылган. Учурда ал Казакстанда жүрөт. Россиянын лидеринин иш сапары дипломаттык мамилелердин 25 жылдыгына арналган. 

"Сириядагы абалды талкуулоодо казак тарап чоң салым кошо алды. Сиз жолугушууларды өткөрүүгө өзүңүз катышып, делегаттар менен иш алып барып жаттыңыз. Сиздин артыңыз менен буга чейин жетпей келген жыйынтыктарга ээ болдук. Тагыраагы Сириядагы атышууну токтотуунун механизми иштелип чыкты. Бул Женевадагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн фундамент болуп бере алат", — деп Путин казак лидери Назарбаевге билдирген.

Ошондой эле Путин Казакстан Россиянын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0