"Өнүгүү-Прогресс" Текебаевдин камалышы боюнча кезексиз жыйын өткөрүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековФлажог с логотипом партии "Бир бол"
Флажог с логотипом партии Бир бол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Төрөбаев саясий кырдаал ырбап кете электе парламентте кезексиз жыйын өткөрүү керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун атына Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча кезексиз жыйын өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын фракциянын катчылыгынан билдиришти.

"Түзүлүп калган саясый кырдаал мындан ары дагы курчуп кете электе биз депутаттарды Өмүрбек Текебаевдин камалышынын бардык фактылары менен себептерин ачык талкуулоого чакырабыз. Менин оюмча саясий пикир келишпестиктердин баары парламеттин ичинде талкууланышы керек. Антпесе кырдаал радикалдашып кетиши мүмкүн, биз буга кызыкдар эмеспиз", — деди фракция лидери.

Эске салсак, оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев жекшемби күнү Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0