Депутат Cадык Шер-Нияздын иниси президенттикке талапкерлигин коёт

Жазылуу
Шерниязов буга чейин жеке фирмаларды жетектеп, ишкердик менен алектенип келген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жеке ишкер Баткен Шерниязов Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коёрун Sputnik агенттигине өзү билдирди.

Шерниязов буга чейин жеке фирмаларды жетектеп, ишкердик менен алектенип келген.

"Президенттикке аттанып, элиме чын дилимден кызмат кылайын деп чечтим. Бул боюнча агаларым менен сүйлөшкөн жокмун. Алгач 80 жаштагы апамдын батасын алып, чечимди өзүм чыгардым", — деди Шерниязов.

Белгилей кетсек, Баткен Шерниязов Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана V чакырылыштын депутаты Болот Шердин бир тууган иниси. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын эң кичүүсү. Москвадагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн. Беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0