19:31 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Фемида айкели. Архив

Париж сотунун чечими: Кыргызстан Белоконго 16,5 млн. доллар карыз эмес

© AFP 2019 / DAMIEN MEYER
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
136 0 0

2010-жылы Белоконго тиешелүү болгон "Манас Банкына" убактылуу башкаруу режими киргизилген. Ал өз учурунда сотко кайрылган. Биринчи соттук отурумда иш Белокондун пайдасына чечилген, бирок Кыргызстан кайра аппеляцияга берген.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Париждин аппеляциялык соту Валерий Белокондун пайдасына чечилген 16,5 миллион долларлык чечимди жокко чыгаргандыгын өкмөттүн алдындагы сот өкүлчүлүгүнүн борборунан кабарлашты.

Мындай чечим "Манас Банк" жабык акционердик коому кылмыштуу кирешелерди жаап-жашырганы үчүн кабыл алынган.

Өкмөттөн кабарлашкандай, 2010-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандын улуттук банкы ири операция жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу "Манас Банкына" убактылуу башкаруу режимин киргизген. Акырында аталган банк банкротко учураган.

2011-жылдын 2-августунда "Манас Банктын" жалгыз акционери Валерий Белоконь Париждеги эл аралык арбитражга кайрылып Кыргызстан банкты "экспропирация" жолу менен алып койгондугун айтып арызданган.

"2014-жылдын 24-октябрында Париждеги эл аралык арбитраж чечимди Белокондун пайдасына чечип берип 16,5 миллион доллар компенсация менен Белокондун юридикалык чыгымдарын төлөп берүүнү Кыргызстандын мойнуна жүктөгөн", — деп айтылат маалыматта.

2015-жылдын 22-январында Кыргызстан ошол эле сотко кайрылып чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн. Банк кылмыштуу кирешелерди жаап-жашырганын белгилеген.

"21-февралда Париждин Аппеляциялык соту Белокондун пайдасына чыгарылган чечимди кайра жокко чыгарды. Ошондой эле сот Кыргызстандын 300 миң долларлык юридикалык чыгымдарын Белокондон өндүрүп берди", — деп белгиленет маалыматта.

Мындай чечим чыгарган сот эки жыл сегиз айдын ичинде банктын жалпы акча жүгүртүүсү 5,2 миллиард долларды түзгөнүн жана мындай каражат өлкөнүн ички улуттук продукциясынан дагы көп экенин белгилеген. Кыска мөөнөттүн ичинде жетишилген мындай ийгиликти өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү жөнөкөй банктык практика дагы түшүндүрүп бере албастыгы кошумчаланган.

Тема боюнча

Улуттук банк: жыл ичинде алтындын запасы 880 млн. сомго өстү
Белгилер:
соттук чечим, сот, Манас банк, Валерий Белоконь, Париж

ЭҢ МААНИЛҮҮ