Эрлан Абдылдаев Чуркиндин каза болушуна байланыштуу РФ ТИМине көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виталий Чуркин 65 жашка чыгарына бир күн калганда 20-февраль күнү Нью-Йоркто каза болгон.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго РФтин Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркиндин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эске салсак, Виталий Чуркин 65 жашка чыгарына бир күн калганда 20-февраль күнү Нью-Йоркто каза болгон

"Виталий Чуркиндин жакындарына жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазылат телеграммада.

Чуркин 1974-жылдан бери дипломатиялык кызматта иштеп келген. Ал эми 2006-жылдан тарта Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0