Алмазбек Атамбаев Мюнхен шаарында Жорж Сорос менен жолукту

© Пресс-служба президента КРВстреча президента Алмазбека Атамбаева с основателем Института открытого общества Джорджем Соросом
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с основателем Института открытого общества Джорджем Соросом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Кыргызстандагы "Сорос" фондусунун программаларын ишке ашырууну талкуулашты.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарынан Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолукту. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Дональд Туск Атамбаевден КРдин кийинки президенти ким болорун сурады - Sputnik Кыргызстан
Дональд Туск Атамбаевден КРдин кийинки президенти ким болорун сурады
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бельгияга барган. Бул сапардын алкагында Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарында өтө турган коопсуздук боюнча конференцияга катышууда. Ошондой эле Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугуп, кыргыз-немис мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Атамбаев менен Сорос Кыргызстандагы "Сорос" фондусунун ишмердигин жана маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык негиздеги программаларды ишке ашырууну талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0