11:52 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Депутат Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов Текебаевдин Бакиев менен "жолугушуусу" боюнча жооп берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
243620

КСДП фракциясынын депутаттары Узарбек Жылкыбаев, Ирина Карамушкиналар Текебаевдин Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу маалыматты күч органдары текшериши керектигин айтышкан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Текебаевдин Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу ушакты улуу трибунадан айтуу — уят. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламентте билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин КСДП фракциясынын депутаттары Узарбек Жылкыбаев, Ирина Карамушкиналар Текебаевдин Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу маалыматты күч органдары текшериши керектигин айтышкан. 

"Ар кандай маселелер учурунда Жылкыбаев менен Карамушкина тантыраган ушакты улуу трибунадан айтты. Ушактын казанын кайнатып жатасыңар. Аны айтпасаңар деле күч органдары текшерет. Элге уят болосуңар. Белиздей болуп эртең эле калп экени чыгат", — деди Шыкмамматов.

Эске сала кетсек, түрк маалымат каражаттары Өмүрбек Текебаевдин Кипрде Курманбек Бакиев менен жолуккандыгын кабарлашкан.

Тема боюнча

Депутат: Текебаевдин Бакиев менен жолукканы боюнча маалыматты УКМК иликтесин
Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевди суракка чакырды
Белгилер:
ушак, Алмамбет Шыкмаматов, Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ