Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчактан түшүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Учактан түшүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда жумушчу визит менен Бельгия Королдугуна учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгия Королу Филипп, Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

"Анын жыйынтыгы менен Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Форум европейских и азиатских медиа 2015 - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кубан Таабалдиев: Атамбаев кеминде эле эки өлкөгө барат
Андан соӊ Атамбаев жумушчу сапар менен Германиянын Мюнхен шаарына барып, ал жерде коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат.

Конференция учурунда президент Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугат. Эки өлкө башчы Кыргызстан менен Германия ортосундагы алака-катыштардын маанилүү маселелерин талкуулап, региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча ой-пикир алышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0