Өкмөт: Сарпашевдин кетер-кетпеси иликтөөдөн кийин билинет

© Sputnik / Исмаил МамытовМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушун премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жолдогон. Ал эми Мамкаттоонун төрагасы президенттик шайлоого карата айрым саясий күчтөр аны отставкага кетирүүгө кызыкдар болуп жатканын билдирген.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетер-кетпеси иликтөөдөн кийин белгилүү болорун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тайырбек Сарпашев мындан аркы кадамы кандай болорун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Тайырбек Сарпашев мындан аркы кадамы кандай болорун айтып берди
Буга чейин Башкы прокуратура Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушун премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жолдогон. Буга Сарпашевдин өткөн жылдын 30-ноябрында Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу боюнча Бишкектин район аралык сотунун чечимин аткаруу буйругу себеп болгону айтылган.

Ал эми Мамкаттоонун төрагасы президенттик шайлоого карата айрым саясий күчтөр аны отставкага кетирүүгө кызыкдар болуп жатканын билдирген.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун наамына Башкы прокуратурадан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу сунушу келип түшкөн. Бул боюнча маселе тийиштүү тартипте иликтенгенден кийин гана чечим кабыл алынат", — деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Учурда өкмөткө келип түшкөн сунуштама премьер-министрдин кароосунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0