Жогорку Кеңештин эки депутаты Трамптын чайын ичишти

© AP Photo / Evan VucciАКШнын президенти Дональд Трамптын сый тамагы
АКШнын президенти Дональд Трамптын сый тамагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сый тамактын максаты дүйнө өлкөлөрүнүн саясий, диний, социалдык жана бизнес элитасынын мамилесин чыңдоого багытталган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов менен Гүлкан Молдобекова АКШнын президенти Дональд Трамптын сый тамагына катышканын парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы
1953-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан иш-чара бул сапар Вашингтондо бейшемби күнү өттү. Эртең мененки тамактын максаты дүйнө өлкөлөрүнүн саясий, диний, социалдык жана бизнес элитасынын мамилесин чыңдоого багытталган.

Сый тамакка Трамптан сырткары АКШнын вице-президенти Майк Пенс, конгресс менен өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле 140 мамлекеттен келген парламентарий, бизнесмендер жана дин адамдары катышкан.

Ал эми Кыргызстан тараптан депутаттардан сырткары, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов менен БУУнун алдындагы Кыргызстандын өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0