Депутат: асмандагы айды алып беребиз дедик эле, элди унуттукпу?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнө шайлоо алдында берген убадаларын аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Шайлоо алдында элге асмандагы айды алып беребиз дедик эле, тоолуу райондордогу элди унуттукпу? Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда маселе көтөрдү.

Анын айтымында, тоолуу райондордогу эл катуу сууктан улам кыйналууда.

"Кыйынчылык болуп жатат. Шайлоого барганда асмандагы айды алып беребиз дедик эле. Ысык-Көл, Суусамыр, Тогуз-Торо, Нарында катуу суук болуп жатат. Алар 1000 киловатт чектөөнү 1500 киловатт кылып көбөйтүүнү суранышууда. Аларга жардам бербесек болбойт. Эл-журтту караш керек", — деди Жолдошбаев.

Эл өкүлү депутаттарга шайлоо алдында берген убадаларын аткарууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0