Албек Ибраимов калаа башчылыгына расмий түрдө киришти

Жазылуу
Калаа башчылыгына болгон шайлоого Албек Ибраимов жана шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Нурдин Абдылдаев катышкан.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Албек Ибраимов калаа башчылыгына расмий түрдө киришкенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, калаа башчысы 11-январда шайланган

Партия Онугуу-Прогресс - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" БШКны сотко берет
Бүгүн, 1-февралда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов Албек Ибраимовго мандатын жана күбөлүгүн тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Калаа башчылыгына болгон шайлоого Албек Ибраимов жана шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Нурдин Абдылдаев катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29 добушун алып, Ибраимов жеңишке жеткен. Абдылдаевге 12 депутат добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0