РФ президенти Владимир Путин жакында Кыргызстанга келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Борбор Азия мамлекеттерин кыдырат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жакын арада Борбор Азияны кыдырып, Тажикстан менен Кыргызстанга келерин анын маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымдаганын РИА Новости билдирди.

"Чындыгында президент бир нече мамлекетке барат. Анын ичинде Тажикстанды да кыдырат. Азыр даярдыктарды көрүп, ага аябай маани берип жатабыз. Даярдануунун алкагында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына да камынуудабыз", — деди ал.

Песков бул сапар жакынкы күндөргө пландалып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0