ЖМК: Трамп дем алыш күндөрү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жолу Дональд Трамп менен Владимир Путин 14-ноябрда АКШда президенттик шайлоо аяктагандан кийин сүйлөшүшкөн.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы дем алыш күндөрү Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кыларын NBC телеканалынын кабарчысы Хелли Жексон Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.

"Трамп менен Путин ушул дем алыш күнү телефон аркылуу сүйлөшөөрүн администрациядагы ишенимдүү булак билдирди. Бул инаугурациядан кийинки алгачкы чалуу болот", — деп жазды Жексон.

Дональд Трамп менен Владимир Путин 14-ноябрда АКШда президенттик шайлоо аяктагандан кийин сүйлөшүшкөн. Анда алар эки мамлекет ортосундагы мамилени жолго коюу керектигин талкуулашкан.

Бейшемби күнү Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президенттин телефон сүйлөшүүсү макулдаша электигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0