Нурдин Абдылдаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм деп БШКга кайрылды

© Фото / секретариат фракции Онугуу-ПрогрессКандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев
Кандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп, анда мурдагы мэр Албек Ибраимов кайтадан шайланган болчу.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек мэрлигине шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан талапкер болгон Нурдин Абдылдаев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын катчылыгы билдирди.

Эске салсак, 11-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп, анда мурдагы мэр Албек Ибраимов кайтадан шайланган болчу.

Абдылдаев шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, шайлоого чейин бюллетендерге катар номер коюлганын айтат.

"Шайлоо аяктагандан кийин бюллетендерди түрдүү "белгилер" коюлганы байкалган. Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына жашыруун добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле арызда бюллетендерге коюлган түрдүү "белгилер" депутаттардын добуш берүүсүн текшерүү жана таасир берүү үчүн жасалганын баса белгиленген.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы шаар мэрин шайлоонун жыйынтыгын алар тааныбай турганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0