Укук коргоочулар Аскаровду бошотуу үчүн Дүйнөлүк банктын таасир этүүсүн суранууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттар аралык жаңжалды козутту деп айыпталган Азимжан Аскаров сот учурунда. Архив
Улуттар аралык жаңжалды козутту деп айыпталган Азимжан Аскаров сот учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык укук коргоо уюму Дүйнөлүк банкты Кыргызстан менен экономикалык жактан кызматташууда Аскаровду бошотууну талап катары коюуну суранышууда.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) Дүйнөлүк банкты улуттар аралык жаңжалды козутту деп айыпталган Азимжан Аскаровдун бошотулушуна кийгилишүүгө чакырды.

Өз кайрылуусунда укук коргоочулар банктын президенти Жим Ен Кимди "кызматынан пайдаланып" Кыргызстандын бийлигине "кыр" көрсөтүүнү суранышкан. 

"Дүйнөлүк банк — Кыргызстандын эң негизги каржы булактарынын бири. Эгер мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктары менен сөз эркиндиги сакталбаса мындай жардам деле көпкө чейин созула бербейт. Аскаровдун камалышы менен Кыргызстан эл аралык милдеттерин бузуп жатат. Ошондой эле бийликтин мындай аракети мыйзам үстөмдүгү сакталбай турганын далилдеп турат", — деп айтылат кайрылууда.

Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров деген ким?
Журналисттерди коргоо комитети ошондой эле Дүйнөлүк банкка Кыргызстан Аскаровду бошоткондо гана жардам берүүнү улантуу боюнча шарт коюуну суранат.

Эл аралык уюмдар мындай билдирүү менен бир нече жолу чыгышкан. 2016-жылдын июль айында алар Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранышкан.

Азимжан Аскаров 2010-жылы улут аралык чыр тутантууга айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Бишкек — Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын катарында болгону айтылат. Куралсыз 13 милиция кызматкери каршылыкка чыккан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда, башаламандык жараткандар аларды сабап, Сулайманов аттуу милиция кызматкерин өлтүрүп, мыкаачылык менен өрттөп жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0