22:23 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Дубинка кармаган милиция кызматкеринин архивдик сүрөтү

УКМК: Кунакунов менен Жангазиев абакта кыйноого туш болду деген маалымат жалган

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

Акыйкатчы институту экс-депутат Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевге карата кыйноолор болуп жаткандыгын айтып чыккан.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. УКМК №1 убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткан экс-депутат Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевге карата кыйноолор көрсөтүлүп жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, аталган жарандарга карата кыйноолор болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү Акыйкатчы иниститутуна түшүп, алар текшерүүгө алган. 

Анда Кунакунов убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери аны сабап, өмүрүнө коркунуч жараткандыгын билдирген. Ал эми Жумагазиев болсо аны темир столго отургузуп, ток менен кыйнагандыгын айткан. 

УКМК аталган маалыматтарды төгүндөп, чындыкка дал келбей тургандыгын жар салды. 

"Башкы прокуратура абакты ай сайын текшерип турат. Алар кыйноолор болгондугу тууралуу факты тапкан жок. Суракка шектүүлөрдүн адвокаттары катышып, видеого тартылган", — деп жазылат маалыматта. 

Кунакунов менен Жумагазиев бийлик басып алууга аракет жасоо жана эл аралык террордук топтун мүчөлөрүнө каражат жана курал жагынан жардам берген деп шектелип келет. 

Тема боюнча

Экс-депутат Максат Кунакунов УКМКнын убактылуу жайына эки айга камакка алынды
Белгилер:
кыйноо, УКМК, Максат Кунакунов

ЭҢ МААНИЛҮҮ