Бакыт Төрөбаев: Бишкек мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-январда Бишкек шаарынын мэри шайланып, анда мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимов кайрадан шайланган болчу.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын парламенттин жыйынында билдирди.

Эске салсак, 11-январда шайлоо өтүп, анда мурдагы мэр Албек Ибраимов кайрадан шайланган болчу. Мэрликке талапкер катары шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан талапкер катары Нурдин Абдылдаев көрсөтүлгөн. 

Төрөбаев өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн баса белгиледи. 

"Шайлоо митинг менен башталды. Бул деген эскичиликке кайтуу деп айткым келет. Бишкек шаарынын шайлоосу тарыхта калышы керек эле. Карап көрсөк, шайлоону биринчи жолу альтернативалуу түрдө өткөрүүгө жол ачылыптыр. Буга чейин эл шайлаган бир учур бар экен. Мэр боло турчулар дебатка келип өзүнүн программасын тааныштырышы керек болчу. Андан да баш тартып коюшту", — деп өзүнүн нааразычылыгын билдирди.

Ал ошондой эле мэрди шайлоодо депутаттарды коркутуп, бюллетендерди ар кандай белгилер менен белгилеп, жасалмалоо дагы болгонун айтты. Андан сырткары, мэрди эл шайлашы керектигин кошумчалады.

"Эгер андай болбосо алдыга жылуу, өнүгүү болбойт. Ушундай эски ыкма менен кете берсек, Бишкек шаары айыл-кыштак болуп калат", — деди ал.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери өз сөзүндө быйылкы жыл Адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыяланганын, андыктан адеп-ахлакка туура келген иштер жасалышы керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0