Ибраимов: тарапташтардын митингин мен уюштурган жокмун

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг в поддержку нынешнего градоначальника Албека Ибраимова
Митинг в поддержку нынешнего градоначальника Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрди шайлоодо Албек Ибраимовго шаардык кеңештин 29 депутаты добуш берсе, атаандашы Нурдин Абдылдаевге 12 эл өкүлү колдоо көрсөткөн.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шаардын жаңы шайланган мэри Албек Ибраимов маалымат жыйын өткөрүп жатып шайлоо маалында мэриянын алдындагы тарапташтарынын митингин уюштурбаганын айтып чыкты. 

Мэрия города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкек өзгөрөт дешти. Мэрликке аттанып жаткандардын убадалары
Шаршемби күнү шайлоо өтүп, анда Ибраимовдун талапкерлигине шаардык кеңештин 29 депутаты, атаандашы Нурдин Абдылдаевге 12 эл өкүлү добуш берген

Шайлоо учурунда мэриянын алдында Ибраимовдун тарапташтарынын митинги өткөн. Абдылдаев бул көрүнүштү шайлоо кысым катары баалаган. Ибраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Митингди мен уюштурган эмесмин", — деп жооп берди. Ал митингдин кокусунан уюшулганын айтып, буга эч ким уруксат бербегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0