20:00 20 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Рабочее совещание по обсуждению мер по реализации Закона КР О внесении изменений в Конституцию

Өкмөт жаңы Баш мыйзамдагы дал келбестиктерди жөнгө салат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
69 0 0

Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигине депутаттар да мыйзамдарды Конституцияга ылайыкташтыра турганын билдирген.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кеңешмеде мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөт аралыгында өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык келтирүү үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирмеде айтылат.

Өкмөт башчы Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Кыргызстан үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү абдан маанилүү, ал өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана парламенттик башкарууга толук түрдө өтүүгө шарт түзөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө өкмөттүн алдында өлкөнүн мыйзамдык базасын Конституцияга ылайыкташтыруу боюнча маанилүү тапшырма турат", – деди Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кеңешмеде мындан тышкары Жогорку Кеңештин кароосуна конституциялык мыйзамдарга жана КР мыйзамдарына түзөтүүлөр боюнча эки пакеттеги мыйзам долбоорлорун киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигине депутаттар да мыйзамдарды Конституцияга ылайыкташтыра турганын билдирген.

Эскерте кетсек, 11-декабрь күнү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп, ага жалпы шайлоочулардын 79,6 пайызы же 948 миң адам "макул" деген добушун берген.

Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)

Тема боюнча

БШК: добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду
Конституцияны өзгөртүүнү колдогон жана каршы чыккан үгүт топтор 700 миң сом сарптады
Белгилер:
конституция, өкмөт, референдум

ЭҢ МААНИЛҮҮ