06:55 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү

Мэрликти мелжегендер: Ибраимов Абдылдаевдин чакырыгын кабыл алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо (17)
195141

Талапкерлердин бири дебатты түз эфирде өткөрүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек мэрлигине талапкер болгон Албек Ибраимов "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан атаандаш болуп жаткан Нурдин Абдылдаевдин дебатка чыгуу чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу азыркы мэр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин чакырык таштаган Абдылдаев шаар башчысын шайлоодо бишкектиктердин да добушу маанилүү экенин белгилейт.  

"Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайлоочулардын кызыкчылыгын көздөй турганын унутпашы керек. Шаар мэрин 45 киши эле шайлап койбостон, Бишкек калаа тургундарынын кызыкчылыгы эске алынышы зарыл. Андыктан шаардыктар шайлоого жигердүү катышуусу керек", — деди талапкер.

Абдылдаев талапкерлердин дебатын телеканалдан берсе, шайлоочулар дагы түз эфирде өз суроолорун берип, шайлоого активдүү катышмактыгын айтып, шаардын азыркы мэри Албек Ибраимов анын чакырыгын кабыл алуусу керектигин баса белгилеген.

Сурамжылоо

Талапкерлердин кимисин Бишкек мэрлигине ылайык көрөсүз?
  • Албек Ибраимов
    48.3% (725)
  • Нурдин Абдылдаев
    46.6% (700)
  • Экөө тең татыктуу
    0.7% (11)
  • Экөө тең татыктуу эмес
    3.9% (59)
  • Мага баары бир
    0.5% (8)
Добуш бергендер: 1503
Өз кезегинде Албек Ибраимов дебатка чыгууга даяр экенин айтты.

"Абдылдаев татыктуу талапкер, аны көптөн бери билем. Баары бир биз депутаттарга өз программабызды сунуштайбыз. Мен дебатка чыгууга даярмын", — деди Ибраимов.

Ал ошондой эле дебатты 9-январдан кийин өткөрсө жакшы болорун айтты. Себеби учурда ден соолугун чыңдап ооруканада дарыланууда.

Белгилей кетсек, декабрда Бишкек шаардык кеңешке шайлоо болуп, шаардык кеңештин жаңы курамы бекиген. Ошондон улам шаар башчысы кайтадан шайланууда. Шайлоо 11-январда өтөт. Эки талапкер тең кыргыз тилин билүү боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырды.

Мэрликке өз талапкерлерин шаардык кеңештеги фракциялар менен премьер-министр талапкерлерди сунуштоого укуктуу. Өкмөт башчы өз талапкерин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Бишкектин мэрлигине талапкерлер тууралуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема:
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо (17)

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтпөйт
Бишкек мэрин шайлоо 11-январда өтөт
Белгилер:
талапкер, мэр, Нурдин Абдылдаев, Албек Ибраимов, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ