Бишкек мэрлигине экинчи талапкер пайда болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мэрди шайлоо Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын шайланышы менен мэрдин мөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөнү жатат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы борбор калаанын мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. 

Жаңы мэрди шайлоо Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын шайланышы менен мэрдин мөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөнү жатат. Добуш берүү 11-январга белгиленген

“Кечээ коалиция тарабынан Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөткөн документтер келип түшкөн. Ал эми бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Нурдин Абдылдаевдин документтери тапшырылды. Билдирмелер 4-декабрга чейин кабыл алынат. Талапкерлерди фракциялар менен премьер-министр көрсөтө алат”, — деди Маматов.

Шайлоодон эң көп добуш алган талапкер жеңип чыгат. 

Абдылдаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Мындан тышкары ӨКМ менен Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басарлык кызматын аркалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0