Бордюжа ЖККУнун башкы катчылыгынан кетти

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүВизит главы МИД РФ С. Лаврова в Армению
Визит главы МИД РФ С. Лаврова в Армению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми башкы катчынын милдетин Валерий Семериков аткарууда.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Николай Бордюжа Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчылыгынан кеткени боюнча уюмдун расмий сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, Бордюжанын кызмат мөөнөтү 2016-жылдын 31-декабрында аяктаган. 2017-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруу Валерий Семериковго жүктөлгөн. Ал башкы катчынын орун басары болуп иштеп келген.

Учения стран ОДКБ Рубеж-2016 - Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун эки макулдашуусу ратификацияланды
Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылы 15-майда Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери тарабынан түзүлгөн. Кийин ага Азербайжан, Белорусия менен Грузия кошулган. Эгер уюмга мүчө мамлекеттердин бирине тышкы күчтөр кооптуулук жарата турган болсо, ал жалпы уюмга келтирилген коркунуч катары каралат.

ЖККУнун жаңы курамы 1999-жылы түзүлгөн. Анда Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда аталган мамлекеттер ЖККУга мүчө болуп саналат.

Бордюжа 2003-жылдан тарта ЖККУнун башкы катчысы болуп иштеп келген.2015-жылы декабрда уюмдун Москвада болгон жыйынында анын милдеттери 2017-жылдын 1-январына чейин узартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0