Канатбек Музуралиев Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЛидер фракции "Республика" Канатбек Музуралиев
Лидер фракции Республика Канатбек Музуралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канатбек Музуралиев коалиция тарабынан сунушталган. Анын талапкерлигине "макул" деп 34 депутат добуш берсе, сегизи каршы чыккан.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Канатбек Музуралиев шайланды. 

Бишкек шаардык кеңештин отуруму - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңеште коалиция түзүлдү, 2 фракция оппозицияда калды
Бүгүн, жума күнү 27-чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары алгачкы жыйынын өткөрүштү. Анда төраганы шайлоо негизги маселелердин бири болду. Ага чейин КСДП, "Республика — Ата-Журт" жана "Кыргызстан" фракциялары 30 депутаттан турган коалицияны түзүшкөн. Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" менен "Мекеним Кыргызстан" оппозицияда калышты. Алар 15 депутаттан турат. 

Канатбек Музуралиев коалиция тарабынан сунушталган. Анын талапкерлигине "макул" деп 34 депутат добуш берсе, сегизи каршы чыккан. Жалпы 43 депутат добуш берсе, бир бюллетень жараксыз деп табылган. 

Эскерте кетсек, 11-декабрда борбордук парламентке депутаттардын тандоо боюнча шайлоо өткөн. 45 мандат үчүн 14 партия ат салышып, жети пайыздык чектен ашкан беш партия шаардык кеңешке өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0