Бишкек шаардык кеңеште коалиция түзүлдү, 2 фракция оппозицияда калды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңештин отуруму
Бишкек шаардык кеңештин отуруму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңеште жалпысынын 45 депутат, фракциянын коалициясында 23 депутаттан кем болбошу керек.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин отурумунун жүрүшүндө үч фракциянын депутаттары көпчүлүк коалицияны түзүштү.

Бишкек шаардык кеңеште 45 депутат, фракциянын коалициясында 23 депутаттан кем болбошу керек. Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы менен беш партия өткөн. Депутаттардын саны боюнча КСДП — 13, "Республика — Ата-Журт"— 12, "Өнүгүү — Прогресс" — 8, "Мекеним Кыргызстан" — 7 жана "Кыргызстан" — 5 мандатка ээ болуп болуп шаардык кеңешке келишкен.

Совещания министров Европейского союза по экономическим и финансовым вопросам в Афинах - Sputnik Кыргызстан
"Бакыт кнопкасы", электропоезд. Бишкектеги шайлоодо уткан партиялардын убадалары
Көпчүлүк коалицияны СДПК, "Республика — Ата-Журт" жана "Кыргызстан" партиялары түзүп, жалпысынан 30 депутат кирди. Ал эми оппозицияда "Өнүгүү — Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" калды.

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Алмаз Кененбаев (КСДП) тандалды.

Шаардык кеңештин депутаттары бир катар ыйгарым укуктарга ээ. Алар шаардын бюджетин бекитишет жана мэрди тандоого, кызматтан алууга укуктары бар.

11-декабрда борбордук парламентке депутаттардын тандоо боюнча шайлоо өткөн. 45 мандат үчүн 14 партия ат салышып, жети пайыздык чектен ашкан беш партия шаардык кеңешке өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0