Нурбек Алимбеков: кытай-кыргыз алакасына доо кетпесин деп вице-спикерликтен кеттим

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбековдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алимбеков Тайванда 16-21-декабрда болгондугун, анда гуманитардык жана соода байланыштары боюнча кызматташуу талкуулангандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы алака-катнашка доо кетпесин деген ниет менен аталган кызматтан кеткенин Sputnik Кыргызстанга билдирди.

"Жеке иш сапар менен Тайванга барган элек. Жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлган эмес. Жергиликтүү гезиттер расмий сапар болду деп жазыптыр. Анан Кытай биздин Тышкы иштер министрлигине кайрылыптыр. Анан Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы алака-катнашка доо кетпесин деген ниет менен аталган кызматтан кеттим", — деп айтты Алимбеков.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду
Экс-вице-спикер буга чейин мындай багытта эки сапар болгондугун айтты. Ал эми бу сапар Тайванга 16-21-декабрь күндөрү барганын, анда гуманитардык жана соода байланыштары боюнча кызматташуу талкуулангандыгын кошумчалады. 

Алимбеков 2015-жылдын 6-ноябрында "Кыргызстан" фракциясынын сунушу менен вице-спикерлик кызматка келген.

Кытай Республикасы (Тайвань) 1912-жылы түптөлүп, 1949-жылга чейин Кытайдын бардык аймагын башкарып турган. Консерватордук Гоминьдан партиясы жарандык согушта жеңилгенден кийин, Кытай Элдик Республикасы пайда болгон. Мурдагы өкмөт Тайвандагы жана коңшулаш аралдарды өзүнө каратып алып, борбору Тайбэй болгон мамлекетти негиздеген. Учурда Кытай менен Тайвань бири-биринин эгемендүүлүгүн тааныбай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0