Бишкек шаардык кеңешке өткөн партиялардын тизмеси аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 11-декабрда 22 шаар менен 380ден ашык айыл аймакта өттү. Бишкек шаардык кеңешке 14 партия ат салышкан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жана шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктарын чыгарды. 

Шайлоо 11-декабрда 22 шаар менен 380ден ашык айыл аймакта өттү. Бишкек шаардык кеңешке 14 партия талапкерлигин койгон. Бишкек аймактык комиссиясынын маалыматына караганда, жети пайыздык чектен ашкан беш партия шаардык кеңешке өттү. 

  • КСДП — 25,8 пайыз — 13 мандат;
  • "Республика — Ата-Журт" — 24,6 пайыз — 12 мандат;
  •  "Өнүгүү — Прогресс" — 15,5 пайыз — сегиз мандат;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 13,2 пайыз — жети мандат;
  • "Кыргызстан" — 9,5 пайыз — беш мандат.

Жыйынтыктарды Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ырасташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0