БШК: Аламүдүндөгү шайлоодон мыйзам бузуу табылган жок

Жазылуу
Арыз жазгандар участкага муниципалдык кызматкерлердин мүчө болгонун айтып, айрымдары шайлоо учурунда ичимдик ичкенин айтышкан.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Аламүдүн районундагы №7181 жана №7182 шайлоо участкаларында мыйзам бузуу болгон эмес. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда жагдайды иликтеген топтун мүчөсү Николой Дружинин билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин айрым талапкерлер аталган шайлоо участкаларындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз жазган.

"Алардын арызы боюнча атайын топ түзүлүп, жагдайды иликтеп чыктык. Анын жыйынтыгы боюнча кинелер далилденген жок. Ошондуктан арыз канааттандырылган эмес", — деди ал.

Белгилей кетсек, арыз жазгандар участкага муниципалдык кызматкерлердин мүчө болгонун айтып, айрымдары шайлоо учурунда ичимдик ичкенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0