Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Индияга учуп кетти

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүУчактан түшүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Учактан түшүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Индияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент визит маалында Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари жана премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат. Ошондой эле кыргыз-индия бизнес форумуна катышат", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0