Жайыл РИИБдин башчысы базаркомдун айынан кызматтан алынды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүОткрытие V форума "ТЭК России в XXI веке"
Открытие V форума ТЭК России в XXI веке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Балтадагы "Азия-2" базарынын соодагерлери жетекчиси тарабынан шайлоо укуктары бузулганын айтып, арыз жазышкан. Бул чуунун арты менен буга чейин Жайыл районунун прокуроду кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кара-Балтадагы "Азия-2" базарындагы чууга байланыштуу Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Раад Мырзаканов ээлеген кызматынан бошотулганын ИИМ билдирди. 

Кечээ аталган базардын соодагерлери жетекчиси тарабынан шайлоо укуктары бузулганын айтып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылгандыгы тууралуу айтылган. 

Соодагерлердин айтымында, базарком ар бир сатуучудан өзүнүн уулу жана кызы талапкер болгон партияга добуш бере турган ондон кем эмес адам таап келүүсүн талап кылган.

Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: депутаттыкка талапкерлердин үстүнөн арыздар түштү
Андай болбой турган болсо ижара акысын эки эсе көтөрүп, же таптакыр эле алып аларын билдирген. 

11-декабрда болгон шайлоодон өзүнө керектүү жыйынтык ала албаган соң директор ижара акысын айрым сатуучуларга эки эсе көтөрүп салганы айтылган.

Мурдараак бул кырдаалдын арты менен райондун прокурору кызматтан алынып, ал эми облус прокуроруна сөгүш жарыяланган.

Башкы прокуратура менен катар ИИМ дагы кызматтык иликтөө жүргүзүп, Мырзакановду өз аймагындагы болуп жаткан кырдаал боюнча ыкчам чара көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынан бошотту. 

Чүй облустук милиция жетекчиси Канат Жумагазиев дагы кол алдындагыларга карата тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу үчүн сөгүш алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0