Сурабалдиева: мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерге акча сурап кат жазганды токтотсун

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мындай көрүнүш токтобосо "бизнесмендерге бейиш" куруудан майнап чыкпай тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерге акча сурап кат жазканды токтотсун. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда. 

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерге андай мааниде кат жазууга акысы жок. 

"Бизде бизнес жаатын көзөмөлгө алган мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерге "демөөрчү болуп бер" деп кат жазганды адатка айлантып алышкан. Бизнесмен 100 пайыз туура иштеп жатса да, мамлекетти кызматкер менен мамилени бузбоо үчүн айла жок макул болот", — деди депутат. 

Эл өкүлү мындай көрүнүш токтобосо "бизнесмендерге бейиш" куруудан майнап чыкпай тургандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0