Депутат Чолпон Жакупова жаңы жылдан тарта мандатын тапшырмай болду

Жазылуу
Эл өкүлү Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, эгерде референдум өтө турган болсо мандатын тапшыраарын айткан.

БИШКЕК,12-дек. —Sputnik. Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутаты Чолпон Жакупова 2017-жылдын 1-январынан тарта мандатын тапшырат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлүнүн жардамчысы Асел Турсунбекова билдирди. 

Белгилей кетсек, Жакупова Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, эгерде референдум өтө турган болсо мандатын тапшыраарын айткан. 

Кечээ күнү Кыргызстанда элдик добуш берүү болуп, жыйынтыгында Конституцияны өзгөртүү демилгесин шайлоочулардын 80 пайызы колдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0