2 миллион сомдук мандат: партиялар Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн канча коротту

© Sputnik / Табылды КадырбековОригами из сомовых купюр разных номиналов
Оригами из сомовых купюр разных номиналов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала жыйынтык боюнча Бишкек шаардык Кеңештеги 45 мандатты беш партия бөлүп алат. Sputnik Кыргызстан агенттиги болжолдуу мандат үчүн алдыга чыккан беш партия шайлоо фондунан бир мандат үчүн канча каражат коротконун эсептеп көрдү.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Алдын ала жыйынтыктар менен Бишкек шаардык кеңешке беш партия келери болжонууда.

Эске салсак, 11-декабрда 22 шаарда жана 389 айыл аймакта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Бишкек шаардык Кеңештеги 45 мандат үчүн 14 партия ат салышты. Sputnik Кыргызстан агенттиги алдыга чыккан беш партия шайлоо фондунан бир мандат үчүн канча каражат коротконун эсептеп көрдү.

  • КСДП – 13 мандат. 12 миллион 708 миң 591 сом коротту. Бир мандаттын баасы болжол менен 977,5 миң сом.
  • "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) — 12 мандат. 13 миллион 379 миң 858 сом короткон. Бир мандаттын баасы болжол менен 1 миллион 115 миң сомду чапчыган.
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 8 мандат. 12 миллион 085 миң 892 сом короткон. Бир мандаттын баасы болжол менен 1 миллион 510,9 миң сомго жетет.
  • "Мекеним Кыргызстан" — 7 мандат. 612 миң 455 сом короткон. Бир мандаттын болжолдуу баасы 87,5 миң сомду түзөт.
  • "Кыргызстан" — 5 мандат. 10 миллион 571 миң 909 сом короткон. Бир мандаттын баасы 2 миллион 114,4 миң сомду чапчыйт.

Ошентип Бишкек шаардык кеңешке келүүсү болжонуп жаткан партиялардын ичинен бир мандат үчүн эң көп каражат короткон партия болуп "Кыргызстан" эсептелди. Эң аз акчаны "Мекеним Кыргызстан" партиясы короткон.

Андан сырткары партиялар үчүн бир добуш "канчага турганын" да эсептеп көрдүк.

  • КСДП — 33 миң добуш — 385 сом;
  • "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) — 31695 добуш — 422 сом;
  • "Өнүгүү — Прогресс" — 20 миң добуш — 602 сом;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 17 139 добуш — 36 сом;
  • "Кыргызстан" — 12 384 добуш — 854 сом;
  • "Таза Кыргызстан" — 586 добуш— 145 сом;
  • "Актив" — 173 добуш — 318 сом;
  • "Улуу Кыргызстан" —1840 добуш — 285 сом;
  • "Жашылдар партиясы" — 592 добуш — 530 сом;
  • КДЭП — 763 добуш — 127 сом;
  • "Демократ" — 1699 добуш — 149 сом;
  • Коммунисттер партиясы — 1226 добуш — 635 сом;
  • "Аалам" — 712 добуш — 466 сом;
  • "Жаңы Доор" — 1662 добуш — 443 сом.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Мекеним Кыргызстан" бир добуш үчүн 36 сом коротсо, "Кыргызстан" саясий партиясы ар бир добуш үчүн 854 сом короткон.

Белгилей кетсек, шайлоонун жыйынтыгы болжолдуу гана. Шаардык кеңештен кайсы партия канча мандат ала турганы Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0