Атамбаев: Бишкек шаардык кеңешке КСДП менен "Республика" партиялары өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда референдум жана 405 жергиликтүү кеңеште шайлоо болууда.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешке КСДП менен "Республика" партиялары өтөт. Бул тууралуу өлкө башчысы шайлоого катышкандан кийинки маалымат жыйында кабарлады.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда референдум жана 405 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүүдө.

"Менимче Бишкек шаардык кеңешке КСДП менен "Республика" партиялары өтөт. Анткени булар системалуу иштеп жатышат. "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын мүмкүнчүлүгү чоң эле. Текебаевдин аларды колдоосу жакшыбы жаманбы айта албайм" — деди президент.

Белгилей кетсек, шайлоо процессин эл аралык уюмдар көзөмөлдөп, тартипти 9 миң милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0