Атамбаев Текебаев тууралуу: кимдир бирөө доктор Апастын ордун басышы керек да

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо боюнча аракеттерди баштаганын билдирген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өлкө башчысына импичмент жарыялоо аракетине баа берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Импичменттин шарты жана арты: Текебаевдин демилгесинин деми канча?
Эскерте кетсек, 22-ноябрь күнү "Ата Мекен" фракциясынын лидери Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн далилдерди топтой баштаганын айткан. Ал президент Конституцияда каралган укуктарынан аша чаап, партиянын саясий ишмердигине кийлигишип жатканын жүйө келтирген.

Текебаев Баш мыйзам боюнча президент өз ишмердигин баштагандан кийин кайсы бир партияны сүрөөнгө алып колдоого болбой турганын кошумчалаган.

"Күлкү келерлик сөз. Бирок байкап отурсаң айласыздан кейийсиң. Албетте, доктор Апастын да ордун бирөө басыш керек да. Бул жаштар үчүн мыкты сабак: саясаттын аркасы менен акча тапкың келеби, бул үчүн жооп беришиң керек. Анткени, чындык кайдан болсо да кылайып чыгып калат. Эмне дейин? Кыргызстанда ар кандай адамдар көп. Мисалы, Мотуев үйлөнүш үчүн кастинг жарыялаганы мени кубандырды", — деди Атамбаев.

Буга чейин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов импичмент үчүн эч кандай негиз жок экенин билдирген. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынын тексттик онлайн трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0