Атамбаевдин айткандарын эстеп. Ажыдаар, акула жана кыргыздын душманы жөнүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаев
Пресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы салтка айланган маалымат жыйынын берет. Буга чейинки жыйындарда мамлекет башчысы жыл жыйынтыгын чыгаруудан тышкары, ар кандай "күтүлгөн жана күтүлбөгөн" билдирүүлөрдү жасап келген. Sputnik Кыргызстан анын бир нечесин тизмектеп, сунуштайт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Эртең,1-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин салтка айланган маалымат жыйыны өтөт

Анда президент бир катар ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет. Жыл сайын жаңы жыл алдында журналисттер менен жолуккан президент жыл жыйынтыгын чыгаруудан тышкары, ар кандай "күтүлгөн жана күтүлбөгөн" билдирүүлөрдү жасап келет.

Sputnik Кыргызстан президенттин буга чейинки эсте калган билдирүүлөрүн жана сөздөрүн ачык булактардан карап көрдү. Атамбаев 2017-жылы президенттик мөөнөтү аяктаары менен бийликти тынч жол менен өткөрүп берерин айтып келет. Демек бул жолку жыл жыйынтыгы Атамбаев үчүн президенттик тактыдагы акыркы жыйыны болуп эсептелет. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев биринчи маалымат жыйынын 29-декабрда, президент болгонуна 1 ай толо электе өткөргөн (инаугурация 1-декабрда болгон)
Итоговая пресс-конференция 2011 года президента КР Алмазбека Атамбаева в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев биринчи маалымат жыйынын 29-декабрда, президент болгонуна 1 ай толо электе өткөргөн (инаугурация 1-декабрда болгон)

2011-жыл: "ажыдаарлар", "колго чапмай" жана укук коргоочулар кимдерге кайырмак ыргытышы керек

Атамбаев биринчи маалымат жыйынын 29-декабрда, президент болгонуна 1 ай толо электе өткөргөн (инаугурация 1-декабрда болгон).

"Биз жаңы жылга 1,5 млрд. сомдон ашык каражат менен кирип бара жатабыз. Бул – биз ууруларды колго чаба баштаганыбыздын жыйынтыгы".

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамды өзгөртүүдө чыккан чырлар: Атамбаев, Текебаев, Исаев, Акаевдердин айтышы
"Эгер мен аман-эсен болсом, Атамбаев ажыдаарга эмес, Кыргызстан "Азия ажыдаарына" айланаарына сөз берем. Анткени өлкөбүз ресурстарга бай. Менин оюмча Азиянын ичиндеги кичинекей, бирок күчтүү ажыдаар болушубуз керек. Бул үчүн бизде баары жетиштүү".

Мындан тышкары ал жыйында Коррупцияга каршы кызматты УКМКга өткөрүп берүү боюнча айткан.

"Бул кызматка майда "чабактар" менен эмес, "акулалар" менен күрөшүү тапшырмасы коюлду. Түрмөдө көлөч уурдагандар эмес, мамлекетке чоң зыян келтиргендер отурушу керек. Ким эмне деп айтпасын, бизде криминал менен күрөштө чоң жетишкендиктер болду. Түрмөдө криминалдык 150 авторитет отурат. Башкы приоритеттердин бири — коррупция менен күрөшүү. Мындан ары ким коррупцияга аралашса, ээлеген кызмат ордуна карабастан түрмөгө отургузулат". 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 24-декабрь күнкү маалымат жыйынында
Итоговая пресс-конференция 2012 года президента КР Алмазбека Атамбаева в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 24-декабрь күнкү маалымат жыйынында

2012-жыл: кыргыздардын душмандары, Кыргызстанга кайсы ишканалардын кереги жоктугу жана насыя суроо жөнүндө

24-декабрь күнкү маалымат жыйынында бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Алардын бири "Кыргызгаз" ишканасын "Газпромго" сатууга каршы чыккандарга багытталган. 

"Бизге "Кыргызгаз" эмес, арзан газ керек".

Атамбаев: катарындагы айбандарга карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: катарындагы "айбандарга" карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек
"Ушул жылы эле президенттин арты менен 700 миллиондук грант берилип, насыялар кечирилди. Бул президент ар бир иш күнү 2 миллион доллар сомго сүйлөштү дегендик. Ооба, мен бул жылы гранттарды жана насыяларды көп сурадым. Бирок бул кайталанбашы керек, анткени бул туура эмес". 

"Кытай – бул бардык мамлекеттер менен өнөктөш өлкө. Жер жүзүндө ар бир төртүнчү киши кытай. Бизге оңдой берди болду, Кытайдан коркпой эле койсок болот. Ушундай чоң мамлекет менен кызматташууда Кыргызстан чоң дивиденддерди алышы керек".

"Манастын энеси Булгар ханышасы болгон. Булгария – бул Волга дарыясындагы байыркы мамлекет. Улутчулдук жөнүндө кыргызбайлардын билдирүүсү Манастын убагында эле болгон. Кыргыздын негизги душманы ким деп менден көп сурашат. Кыргыздын негизги душманы – кыргыз".

Дал ушул маалымат жыйынында электр жарыгы өчүп калган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы журналисттер менен 16-декабрда кезиккен малда
Итоговая пресс-конференция 2013 года президента КР Алмазбека Атамбаева в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы журналисттер менен 16-декабрда кезиккен малда

2013-жыл: Тосмолор бийликке трамплин боло алабы жана президент "малыш Биге" кандай ойдо? 

Президент журналисттер менен 16-декабрда кезиккен.

"Бийликке жол тосмолор аркылуу эмес, шайлоо аркылуу келет".

Заседание межгосударственного совета ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Томсоргон, жылмайган Атамбаев. Кыргызстандын президенти 60 жашта
"Коррупцияга каршы кызмат коррупционерлер арасында бүлүк салып койду. Кыргызстанда уурулук кылуу пайдасыз жана кооптуу болуп калды. Бирок негизги жумуш алдыда. Бул айсбергдин чокусу гана. Биз кесепети менен гана күрөшпөстөн, анын себептерин, ведомство жана министрликтердеги схемаларын жок кылышыбыз керек".

"Элибиз өзгөргөнү кубандырат. Уюштуруу (митинг) аракеттери акча берсе дагы колдоо таппай калды. Эң негизги максат — башчыны сактап калуу эмес, Кыргызстандын бүтүндүгү экенин түшүнүп жатат".

"Бишкек — биздин сүйүктүү шаарыбыз. Азыр аны "малыш Би" деп атап жүрүшөт. Биздин шаар эң жакшы мамилеге татыктуу. Ага бир гана мэр эмес,өкмөт дагы жардам бериши керек. Бишкекте чогулган акчанын майда-чүйдөсү гана бул жерде калууда. Калгандары башка шаарларга агылып, алардын мэрлери акчаны кайда кетирээрин билбей, эстеликтерди кура башташты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев 2014-жылкы маалымат жыйынында
Итоговая пресс-конференция Алмазбек Атамбаева для журналистов в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылкы маалымат жыйынында

2014-жыл: өзүнүн ыйгарым укуктары жана кайсы Маданият министри маданияттан алыс экендиги жөнүндө

"Биз дин тармагында мамлекеттик саясатты кабыл алдык. Бул жаңы ыкма. Биз светтик өлкө экенибизди ачык айтып жатабыз жана диний кызматкерлер мамлекеттин саясатына аралашканга акысы жок. Бирок мамлекет дин тармагына көзөмөл кылат. Анткени бизге көйгөйдүн кереги жок".

Столдо отурган аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллионер болбосоң эс ал! Президенттикке талапкер болууга миллион керекпи?
"Мен өзүмдүн ыйгарым укуктарымды көбөйтүү боюнча ойлонгон дагы жокмун. Тескерисинче аны азайтууну талап кылып жатам. Биз билбейбиз да, эми мендей президент келеби, жокпу? Ошондуктан муну ойлонушубуз керек. 

"Маданият министри болуп маданияттан алыс киши шайланып калыптыр. Бул парламенттик башкаруунун кесепеттери. Фракциялар чогулат, устукандарды бөлүшөт, анан шайлай башташат. Фракциялардын бирине ушул устукан тийип калыптыр. Анан ал бул тармактан абдан алыс кишини шайлап койду". 

"Сейит (Атамбаевдин "Автомашэнерго" жеке энергокомпаниясында иштеген уулу) Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы мезгилинде таза иштегенине карабай артынан түшүшкөнүн айтты. Ал эмнеге кетем деп суроо берип, принцип үчүн кетпээрин айтты. Мындай структура дагы керек. Мен эмне кылышым керек? Эгер ал бир нерсеге күнөөлүү болсо камашсын". 

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы маалымат жыйынында
Итоговое пресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаев для СМИ - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы маалымат жыйынында

2015-жыл: Түркиянын кечирим сурашы жана өзү үчүн кайсы кызматты ылайык көрөрү тууралуу

Мен мындан ары президент дагы, премьер дагы болоюн деген оюм жок.

Атамбаев түрк аскерлери орустардын Су-24 учагын атып түшүргөндүгү боюнча Россия Түркия ортосундагы чатакка комментарий берди

"Биз бул темада Владимир Владимирович менен сүйлөштүк. Чечим туура эмес кабыл алынган. Биринчиден, Россия аба майданын бузбагандыгын айтып жатат. Бирок учак 17 секундга кирип кеткен күндө дагы ошол үчүн 25 жылдык мамилеге ракета атуу – чоң жаңылыштык. Россия Түркиянын кечирим суроосун күтүп жатканын айтты. Түрк тарап ойлонуп көрүп, туура эмес кылганын мойнуна алышы керек. Менимче бул туура эмес кадам".

Эртеңки маалымат жыйынында президент кандай билдирүүлөрдү жасайт жана жылдын жыйынтыгын кандай чыгарат убакыт көрсөтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0