Өмүркулов шайлоодо фальсификация болот деген Төрөбаевге жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери партияларды курулай күнөө койбой, реалдуу программа менен шайлоого барууга чакырды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Шайлоодо фальсификация болот деп алдын ала айтуу туура эмес. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жергиликтүү кеңешке боло турган шайлоодо фальсификация болушу мүмкүндүгүн айткан

"Шайлоо — чоң саясий иш-чара. Мыйзамга так жооп бериши керек. 2010-жылдан бери шайлоо таза өтүп келе жатат. Жергеликтүү кеңештерге болгон шайлоодо фальсификация болот деп алдын ала күнөө коюу туура эмес", — деди Өмүркулов. 

Эл өкүлү партияларды курулай күнөө койбой, реалдуу программа менен шайлоого барууга чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0