Төрөбаев: алдыдагы шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатам

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивидк сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, бир эле дарекке көп адамдар катталууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Алдыдагы шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатам. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 

"Парламенттик шайлоо жаңы технологиялар менен өттү. Анда эч ким нааразы болгон жок. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатабыз. Бир дарекке көп адамдарды каттап жатышат. Алардын бул дарекке тиешеси жок", — деди Төрөбаев. 

Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0