Өмүркулов: Атамбаевге импичмент жарыялоого негиз жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев предоставил фракции СДПК право на формирование парламентской коалиции большинства
Президент Алмазбек Атамбаев предоставил фракции СДПК право на формирование парламентской коалиции большинства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн далилдерди топтой баштаганын билдирди. Ал президент Конституцияда каралган укуктарынан аша чаап, партиянын саясий ишмердигине кийлигишип жатканын жүйө келтирген.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн далилдерди топтой баштаганын айткан. Ал президент Конституцияда каралган укуктарынан аша чаап, партиянын саясий ишмердигине кийлигишип жатканын жүйө келтирген.

Текебаев Баш мыйзам боюнча президент өз ишмердигин баштагандан кийин кайсы бир партияны сүрөөнгө алып колдоого болбой турганын кошумчалаган.

"Айыптоого жана импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок. Президент өз ишмердигин баштагандан бери саясий иштерге аралашкан жок. Ал — улут атасы жана Конституциянын гаранты. Анын аракеттеринен КСДП тууралуу айтканын кездештире албайбыз", — деди Өмүркулов.

Ал эми саясий кеңеште президенттин айланасындагылар жүрөт деген билдирүү боюнча Өмүркулов жумуш убактысынан сырткары саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө болорун кошумчалап, Текебаевдин айткандары куру сөз экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0