УКМК: Белиз документтеринде аты аталгандар иликтөөнү башка нукка бурууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев изучает документы о результатах проверки фактов коррупции со стороны отдельных должностных лиц
Президент Алмазбек Атамбаев изучает документы о результатах проверки фактов коррупции со стороны отдельных должностных лиц - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселенин түйүнү УКМК менен Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин дайын болот.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Белиз документтеринде аты аталган айрым жарандар иликтөөнү башка нукка бурууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сегизбаев: Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши табышмак
Дүйшөмбү күнү УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган. Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Жогорку Кеӊештин депутаттары) кызыкдар болгонун тастыктайт. Президент бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү башкы прокурорго тапшырган

Шаршемби күнү парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.

"Белиз документтеринде аты аталган айрым жарандар текшерүүнү өз пайдасын көздөп башка нукка бурууда. Бул үчүн алар маалымат каражаттарын пайдаланып, юридикалык маселени саясий өңүткө оодарып жиберүүгө аракет кылып жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме аты аталган адамдар Southfield Management Inc оффшордук компаниясынын потенциалдык өнөктөшү катары Максим Бакиевдин алдында милдеттүү жарандарды аныктоо аракетин атайылап байкамаксанга салып жатканын белгилейт.

"Бул тутулган кылмышкердин жазадан кутулуп, күнөөсүн башкага оодара салуу жан далбасын эске салат", — деп эсептейт комитет.

УКМК мунун баарын 2010-жылы MegaCom компаниясынын болгону 49 пайызы гана улутташтырылышынын жана Максим Бакиевдин юристтерине адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензиясынын калыбына келтирилишинин себебин аныктоого жолтоо катары кабыл аларын белгиледи.

Мекеме бардык маселенин түйүнү УКМК менен Башкы прокуратуранын теккшерүүсүнөн кийин дайын болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0