Кыргызстан менен Россия ИМге каршы күрөшүүнү талкуулашты

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтери эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда
Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтери эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы туруу, уюмду каржылоо менен күрөшүү жана коомдук маанайдын радикалдашып кетүүсүнүн алдын алууну талкуулашты.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтери сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн аталган мекеме кабарлады. 

Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, Россия тарапты тышкы иштер министринин орун барасы Олег Сыромолотов жетектеди. Эки тарап "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы туруу, уюмду каржылоо менен күрөшүү жана коомдук маанайдын радикалдашып кетүүсүнүн алдын алууну талкуулашты. 

Москва, Санкт-Петербург шаарларына жана Борбордук Азияга теракт уюштурууну пландагандагды кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан
Тажик ИИМи Россияда теракт жасоону пландап кармалгандар жөнүндө айтты
Ошондой эле БУУ, ШКУ жана ЖККУнун алкагында контртеррористтик кызматташуу боюнча сөз болду. 

Ошол эле күнү Кемелова россиялык кесиптеши Григорий Карасин менен саясий, соода-экономика жана маданий-гуманитардык кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Жолугушуу маалында кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсү, жумушка орношуусу жана аларды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча маселеге да токтолушту. 

Мындан тышкары, тараптар КР жарандарынын өмүрүн алган өрт кырсыгы боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүн талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0