Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тандеми бузулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү
ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика" партиясы менен "Ата-Журт" партиясынын лидерлери 2015-жылкы парламенттик шайлоо алдында бириккен болчу.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Саясатчылар Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тандемине чекит коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев билдирди.

Эске сала кетсек, "Республика" партиясы менен "Ата-Журт" партиясынын лидерлери 2015-жылкы парламенттик шайлоо алдында бириккен.

"Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков менен бириккендиктен Өмүрбек Бабанов менен түзгөн тандемине чекит койду. Эми эки саясатчы өз алдынча иш кылышат. Ал эми "Республика — Ата-Журт" фракциясынын командасы ошол бойдон эле иштей берет", — деди Казакбаев.

Аталган маалыматты тактоо үчүн Камчыбек Ташиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми экс-спикер Адахан Мадумаров Камчыбек Ташиев сыяктуу саясий күчтөр биригип жаткандыгын тастыктады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0