Кийинки жумада Кыргызстанга Ирандын президенти келет

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В.Путина в Иран
Рабочий визит президента РФ В.Путина в Иран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Хасан Роухани Алмазбек Атамбаевдин дарыланып жатканына байланыштуу сапарын токтотуп койгон.

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. Ирандын президенти Хасан Роухани кийинки жумада расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Иран басылмасы Tafsir-News жана Fars News маалыматтык агенттиги да билдирген.

Дом Правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
КРдин Ирандагы элчиси болуп Авазбек Абдуразаков дайындалды
Басылманын маалыматтарына караганда, Иран президенти Кыргызстан, Казакстан жана Армения өлкөлөрүнө барат.

Иш сапарынын алкагында Роухани өлкө башчысына жолугуп эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу сүйлөшмөкчү.

Мурда Tasnim News Agency агенттиги Хасан Роухани Алмазбек Атамбаевдин дарыланып жатканына байланыштуу сапарын токтотуп койгондугун жазган. 

Ал эми былтыркы жылдын сентябрь айында Алмазбек Атамбаев кесиптешинин чакыруусу менен Иранга расмий иш сапары менен барып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0