Текебаев Атамбаевди кескин сынга алды, президенттин өкүлү жооп кайтарды

© Фото / Пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин арихвдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин арихвдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаев өз сөзүндө президент баш болуп такталбаган документтерди элге көрсөтүп, аны жаманатты кылып жатканын айтты.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алды.

Текебаев өз сөзүндө президент баш болуп такталбаган документтерди элге көрсөтүп, аны жаманатты кылып жатканын айтты.

Эске салсак, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев 15-ноябарда УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген. 

"Оффшордук компанияларга атайын юристтерди жиберип айтылган, көрсөтүлгөн документтерди изилдеп келсин. Кимдин айыбы болсо ал жазага тартылсын", — деди Текебаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы Конституция, элита сынганын айтты.

Политик Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Текебаев ууру кирген батиринен бир ай мурда көчүп кеткен
"Өлкөнү Баш мыйзамсыз башкарса болот. Акаев менен Бакиевдин туугандары жаап жашырбай эле башкарып келбедиби. Президент мурда өзүнө берилбеген укуктарды жаап жашырса, азыр аларды эл алдында зомубулук менен аткарып жатат. Мисалы аймактарга барганда парламент тарабынан бекитилбеген, каралбаган убадаларды берип, бюджетке кирбесе да мектеп, жол курулуп жатат. Биз алардын баарын арткы дата менен бул жактан тууралап берип жатабыз", — деди эл өкүлү.

Текебаев 2010-жылдагы окуядан качабыз, аны кайталабайбыз дегенибиз менен ошого кайрадан кайтып жатабыз деп кошумчалады. 

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттин дарегине катуу сындар айтылып жатканын белгилеп, эгер Текебаевдин күнөөсү жок болсо прокуратура органдарына барып далилдесе жакшы болмоктугун айтты.

"Кыргызда жакшы сөз бар ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат", — деди Абдылдаев. 

Текебаев өз кезегинде "мал ээсин тартпаса арам өлөт" деп жооп кайтарып, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү мындай сөздөрдү айткыдай ким деп суроо салды.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов азыр диктатура болуп жатат деп айткандар жаңылышарын, чынында диктатура болсо Текебаев парламентте 20 мүнөт сүйлөй алмак эместигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0