Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага келди
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага келгендиги тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, жыйынга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат. 

"Анда Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоору каралат. Мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелери талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында вице-премьер министр Олег Панкратов, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана башкалар бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0