17:19 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
АКШга президент болуп шайланган Дональд Трамп үй бүлөсү менен.

Трамптын президенттик айлыгы 1 долларды түзмөй болду

© AP Photo / John Locher
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
70230

АКШнын президентинин жылдык айлыгы 400 миң долларга жетет.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШга президент болуп шайланган Дональд Трамп айлыктан баш тарта турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

CBS телеканалынын "60 мүнөт" берүүсүндө Трампка "айлык аласызбы?" деген суроо узатылган. 

"Менин жообум — жок. Мыйзам боюнча маяна алышым керек экен. Анын суммасы бир долларды түзөт", — деп билдирген Трамп. 

АКШнын президентинин жылдык айлыгы 400 миң долларга жетет. Мындан тышкары америкалык лидердин жеке чыгымдары үчүн жылына 50 миң доллар бөлүнөт. Иш-сапардын чыгымдарына 100 миң доллар жана эс алууга 19 миң доллар берилет. 

Бир жыл мурун саясат менен алектене баштаган Трамп ийгиликтүү бизнесмен катары таанымал. Forbes журналынын маалыматына караганда, анын байлыгы 3,7 миллиард долларды түзөт.

Тема боюнча

Обама менен Трамп эмне тууралуу сүйлөштү
Белгилер:
маяна, президент, Дональд Трамп, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ