Кыргызстан Өзбекстан менен чек арадагы 7 талаш тилке боюнча бир пикирге келди

Жазылуу
Эки өлкөнүн комиссияларынын жолугушуусунда 14 талаш тилке иликтенди. Анын жети аймагы боюнча позициялар макулдашылды. 13-ноябрга карата эки тарап бир пикирге келген тилкелердин саны 56га жетти.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк комиссиялары ушу тапта мамлекеттик чек арадагы 56 тилке боюнча позицияларды макулдашты.

8-13-ноябрда өкмөттөр аралык чек ара тилкелерин делимитация жана демаркациялоо боюнча атайын топтордун жолугушуусу болуп өттү. 

Өзбекстандын тышкы саясат боюнча ведомствосунун маалыматына караганда, талаш жараткан 14 чек ара тилкесинде топографиялык сүрөткө түшүрүү жана иликтөө иштери Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүргүзүлгөн. 

"Жумушчу топ жети талаштуу аймак боюнча макулдашууга келди. Эми 13-ноябрга карата эки тараптын позициялары туура келген тилкелердин саны 56га жетти", — деп айтылат маалыматта. 

Аскердик курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Террорчулук коркунучунан улам Кыргызстан чек арасын бекемдеп жатат
Эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлуп, топографиялык иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн графиги түзүлгөн. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 324 чакырымы тактала элек. 

Сентябрь-октябрь айларында Өзбекстандын ТИМи делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациялар чек арадагы талаштуу 78 тилкени иликтөөгө алышканын жарыялаган. 

Акыркы убактарда кыргыз-өзбек мамилелери жылып баратканы байкалууда. 1-октябрда Кыргызстандын делегациясы Өзбекстандын Анжиян облусуна барып эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган иш-чарага катышкан. Ал эми 26-октябрда өзбек делегациясы Ош шаарына келип конок болуп кетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0