БШК партиялар кайсы шаардык кеңешке келүүгө кызыкдар экенин айтып берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПодготовка к выборам в Кыргызстане
Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21 шаардык кеңешке ат салыша турган саясий партиялардын саны 36га жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Шайлоого катыша турган партиялардын көбү Бишкек шаардык кеңешке өтүүгө кызыкдар экенин маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Выборы в президенты Кыргызстана 2011 - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо келе жаткандыгынын 15 белгиси
Эскерте кетсек, 10-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев 405 жергиликтүү кеңешке (384 айыл жана 21 шаардык) шайлоону 11-декабрга дайындаган жарлыкка кол койгон. 

Мыйзамга ылайык, бүгүн, 11-ноябрда үгүт иштери башталды. 

Шайлдабекованын айтымында, 21 шаардык кеңешке 35 партия катталган, дагы бири каттоодон өтүп жатат.

"КСДП менен "Республика — Ата-Журт" партиялары бардык шаардагы жергиликтүү кеңеш шайлоосуна катышат. "Өнүгүү — Прогресс" Сүлүктүдөн башка шаарларда өтө турган шайлоодо күч сынашат, "Кыргызстан" партиясы 17 шаарда ат салышмай болуп жатат. Калган партиялар жети же андан аз шаарда күчүн сынамакчы", — деди БШК төрайымы.

Шайлдабекова баарынан көп партия Бишкекте (14), эң азы Сүлүктү (3) шаарында ат салыша турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0