Шаардык кеңештерде бир мандат үчүн 10дон талапкер ат салышмай болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУчастники мероприятия
Участники мероприятия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
616 мандат үчүн партиялар 7353 талапкер көрсөтүп, анын 6100ү катталды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жергиликтүү кеңешке депутат болом деген 7 миңден ашуун кишинин 6100ү каттоодон өткөнүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Эскерте кетсек, 10-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев 405 жергиликтүү кеңешке (384 айыл жана 21 шаардык) шайлоону 11-декабрга дайындаган жарлыкка кол койгон. 

Мыйзамга ылайык, бүгүн, 11-ноябрда үгүт иштери башталды. 

"Саясий партияларга чектөө коюлган жок. 616 мандатка 7353 талапкер көрсөтүлүп, анын 6100ү катталды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин айрымдары аталган аймакта жашабагандыктан, алар катталган жок", — деди төрайым.

Шайлдабекова 36 партия талапкер көрсөткөнүн белгиледи. Учурда 35 партия катталып, дагы бирин каттоо иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0